Канаданын генерал-губернатору Жюли Пейетт Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

5097

 

Канаданын генерал-губернатору Жюли Пейетт Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Канада Кыргызстан менен болгон мамилелерин баалайт. Биз, ошондой эле, эки жана көп тараптуу, өзгөчө сууну туура башкаруу жана климаттык өзгөрүүлөр жаатындагы кызматташтыгыбызды күчөтүүгө умтулабыз.

COVID-19 пандемиясы козгогон чакырыктарга биргеликте жооп берүү зарылчылыгын да белгилейбиз. Ошондуктан Кыргыз Республикасына ушул илдеттин жайылышына каршы күрөшүүгө жардам берүүгө даярбыз. Менин эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK