Калифорния штатындагы Сан-Хосе шаарында жашаган Кыргызстандын жарандарына Кыргыз Республикасынын Элчилигинин консулдук тейлөө иштерин жүргүзүү тууралуу маалымат

5027

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна даярдык көрүү максатында (2020-жылдын 4-октябры), 6 жана 7-сентябрында Калифорния штатындагы Сан-Хосе шаарында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарына шайлоого катышуу эрежелери боюнча толук маалымат берилип, биометрикалык маалыматтар чогултулуп, ошондой эле жарандарды Элчиликтин шайлоочулар тизмесине киргизүү үчүн консулдук катоого турганга мүмкүнчүлүк берилет.

Мындан тышкары, бул жолугушууда тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк болот (чет өлкөгө чыгуу паспортун жаңылоо, нотариалдык кызматтар, Мекенине кайтуу күбөлүгүн, туулгандыгы тууралуу күбөлүк тариздөө үчүн документ тапшыруу). Ушуга байланыштуу Элчиликтин веб-сайтынан (https://mfa.gov.kg/ru/embassies/embassy?id=63) өзүңүздөргө тиешелүү маселелер боюнча маалымат алып, жана керектүү документтер менен жолугушууга келсеңиздер болот.

Иш-чаранын дареги: 4701 Patrick Henry Dr. #23, Santa Clara, CA 95054.

Убактысы: 6 жана 7-сентябрында саат 10-00дөн 18-00гө чейин.

Консулдук тейлөө иштери жүргүзүлө турган дареги жана убактысы өзгөрүлүшү мүмкүн, ошондуктан консулдук тейлөө жана жолугушууга катышууңуз тууралуу +1 (202) 256-2924 телефондору, же kgconsulate.washington@mfa.gov.kg, электрондук почта аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK