Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин астында №9034 шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү процесси аяктады

3896


Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигинин астында №9034 шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү процесси аяктады.
Шайлоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте тынч, ошондой эле зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү.
АКШ жана Канада консулдук округунун шайлоочуларынын тизмесине киргизилген 1006 шайлоочунун ичинен жалпысынан 87 жаран добуш берди.


 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK