Кыргыз тили

1282

Урматтуу мекендештер,
Кымбаттуу туугандар жана достор,
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Элчилиги “Дүйнө кыргыз тилинде сүйлөйт” аттуу флешмобду жарыялайт.
Флешмобго катышуу үчүн:
1) кыргыз тилинде ыр саптар окуп, видеого тартып;
2) видеону #дүйнөкыргызтилиндесүйлөйт деген хештеги менен социалдык тармактагы өздүк баракчаңызда жарыялап;
3) Элчилик тарабынан таркатуу максатында жарыяңызда Элчиликтин социалдык тармактардагы расмий баракчаларын  белгилеңиз.
Флешмоб 2022-жылдын 23-сентябрына чейин өтөт.
Флешмобго активдүү катышууга чакырабыз! 
Ушундай кадамдар менен бирге эчен кылым карыткан эне тилибизде сыйлык үчүн эмес, сыймыгыбыз үчүн сүйлөйлү, ардактайлы, өнүктүрөлү. 
Келгиле, кыргызча сүйлөйлү!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK