Дипломатиялык миссиянын башчысы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи - Садык ШЕР-НИЯЗ
Билими:

1987-жылы Фрунзе машина куруу техникумун технолог адистиги боюнча аяктаган;
2000-жылы – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультети;
2009 - сценаристтер жана режиссёрлор үчүн жогорку курстар (Владимир Хотиненконун, Павел Финндин, Владимир Фенченконун семинары).

Эмгек ишмердүүлүгү:

1996-1998-жылдары - "АЧЕКЕЙ" директору;
1994-1996 — «ШЕР» ПКФ юрист-консультант;
1998-2004-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын жардамчысы;
2004-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары;
2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри;
2012-2013-жылдары - "Замандаш-Замандаш" саясий партиясынын теңтөрагасы;
2015-жылдын октябрынан бери “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болуп келген.
2021-жылдын июнь айында Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп дайындалган.
"Курманжан Датка", "Биринчи кадр", "Чынгыздын жылдызы өчпөсүн", "Аян", "Форс-мажор" тасмаларынын режиссеру.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы, “Айтыш” коомдук фондунун, “Айтыш фильм” киностудиясынын, “Калемгер” адабий клубунун негиздөөчүсү.