Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкованын “Гүмүшханели” изилдөө жана билим берүүнү колдоо фондунун Президенти Мехмет Сидик Акшит менен жолугушуусу

1849

2022-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова "Гүмүшханели" изилдөө жана билим берүүнү колдоо фондунун Президенти Мехмет Сыдык Акшит менен жолугушту. Жолугушууга Түрк мамлекеттери уюмунун Башкы катчысынын орун басары С.Раев, "Гүмүшханели" изилдөө жана билимди колдоо фондунун директору С.Кылыч, «Sur Yapı» курулуш компаниясынын директору Х.Йелмас жана жеке ишкер С.Япар катышты.

Жолугушууда тараптар, Кыргызстанда илимий жана билим берүү борборлорун түзүү аркылуу социалдык-экономикалык жана руханий аспектилерди жакшыртуунун алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. "Гүмүшханели" изилдөө жана билим берүүнү колдоо фондунун Президенти Мехмет Сыдык Акшит Фонддун артыкчылыктуу багыты өлкөнүн аймактарында долбоорлорду ишке ашыруу экенин белгиледи.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин белгилеп, Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ачуу жана колдоо шарттары боюнча толук маалымат берди. Тактап айтканда, айыл чарба, энергетика, транспорт жана жол коммуникациялары тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорго басым жасады. Кыргыз Республикасынын  Башкы консулдугу тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

  • 2022-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK