Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу, 2022-жылдын 16-майында Бурса шаарындагы «Улудаг» университетинде “Кыргызстанды таанытуу күнү” аттуу маданий иш чара уюштурду.

1800

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу, үстүбүздөгү жылдын 16-майында Бурса шаарындагы «Улудаг» университетинде окуган мекендештерибиз менен биргеликте “Кыргызстанды таанытуу күнү” аттуу маданий иш чара уюштурду.

Иш чарынын алкагында, мекендеш студенттердин окуусун, жатакана жана жашоо шарттарын талкуулоо максатында башкы консул Л.Сыдыкова «Улудаг» университетинин ректору С.Кылавуз менен кезигишти. Жолугушуу жүрүшүндө КР Өкмөтү жана Башкы консулдугу тарабынан КР жарандарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу ректорго маалымат берип кетти. Жолугушууда эки тараптуу билим берүү жаатындагы маселелерди талкуулап, өз ара кызматташтыкты бекемдөө боюнча келечек пландарын белгилешти

«Улудаг» университетинин профессордук-окутуучулук курамы, Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери жана кыргыз диаспора өкүлдөрү менен өткөн иш чарага  кыргыздын улуттук буюмдары (кийим-кече, зер буюмдары, идиш-аяктар, сувенирлер ж.б.) коюлуп, улуттук тамак-аштар тартууланып, фотокөргөзмө ачылды.  Комузда кыргыз күүлөрү ойнолуп, элдик ырлар жана бийлер аткарылды. Кыргызстан жана Чынгыз Айтматов тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, Ч.Айтматовдун «Ак кеме» жана «Кылым карытар бир күн» повестинин негизинде театралдаштырылган чакан спектаклдер тартууланды.

Башкы консул Л.Сыдыкова иш чараны жогорку деңгээлде жана маңыздуу уюштургандыгына ыраазычылык билдирип, мындан ары кыргыз-түрк элдеринин ортосунда көпүрө курууга чакырды.

Иш чаранын соңунда башкы консул Л.Сыдыкова кыргыз маданиятын жайылтып, каада-салтын даңазалап, кыргыз менен түрк элдеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн уюштуруучу студенттерге ыраазычылык каттарын тапшырды.

  • Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу, үстүбүздөгү жылдын 16-майында Бурса шаарындагы «Улудаг» университетинде окуган мекендештерибиз менен биргеликте “Кыргызстанды таанытуу күнү” аттуу маданий иш чара уюштурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK