Бүгүн, 2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун демилгеси менен Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну талкуулоо максатында Ош шаарынын мэри А.Мамбетов жана Башкы консул Л.Сыдыкова Стамбул шаарынын мэри Э.Имамоглу менен жолугушту.

1722

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош жана Стамбул шаарларынын мэрияларынын ортосундагы кызматташуу маселелерин, анын ичинде кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулашты. Ош шаарынын мэри А.Мамбетов кесиптешине Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу кызматташтыгындагы акыркы окуялар тууралуу маалымат берип, 2022-жылы Ош менен Стамбулдун боордоштук мамилелеринин түзүлгөнүнө 25 жыл толорун белгиледи. Буга байланыштуу кыргыз тараптын бир тууган шаарлар ортосунда өз ара пайдалуу байланыштарды курууга бекем ниетин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

Өз кезегинде Стамбул шаарынын мэри Э.Имамоглу биргелешкен иш-аракеттерге даяр экендигин билдирип, түрк тилдүү мамлекеттердин боордош шаарлар арасындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча муниципалитеттин пландары менен бөлүштү. Ошондой эле, Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун зарылдыгын мэр А.Мамбетов менен макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Ош шаарынын мэри А.Мамбетов кызматташтыкты кеңейтүү жана жайылтуу максатында Стамбул шаарынын мэри Э.Имамоглуну Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

  • Бүгүн, 2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун демилгеси менен Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну талкуулоо максатында Ош шаарынын мэри А.Мамбетов жана Башкы консул Л.Сыдыкова Стамбул шаарынын мэри Э.Имамоглу менен жолугушту.
  • Бүгүн, 2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун демилгеси менен Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну талкуулоо максатында Ош шаарынын мэри А.Мамбетов жана Башкы консул Л.Сыдыкова Стамбул шаарынын мэри Э.Имамоглу менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK