Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Нурлан Абдрахманов Стамбул шаарынын губернатору Али Йерликая менен жолугушуу

4377

2020-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Нурлан Абдрахманов Стамбул провинциясынын губернатору Али Йерликая менен жолугушту.

Башкы консул губернаторго Кыргызстандагы ички саясий жагдай боюнча кыскача кабар берип, алдыда болуучу Президенттик шайлоо жана башка маанилүү саясий окуялардан, учурдагы өлкө жетекчилигинин иш-аракеттери жана өкмөттүн социалдык-экономикалык тармакты жакшыртуу, коронавируска каршы күрөшүү, инвестициалык шарттарды жакшыртуу боюнча аракеттерден маалымат берип өттү.

Али Йерликая Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарында Башкы консулдук кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалап кетти.

Жолугушуу алкагында кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүү боюнча кыскача ачык пикир алмашуу болуп, Стамбул провинциясында туристтик жана жумуш иштери менен келген же туруктуу жашаган кыргыз жараандарынын укуктук жактан коргоо жана алардын кызыкчылыктарын колдоо боюнча Башкы консулдук менен Губернаторлук ортосундагы практикалык мамилелешүү жана координациялоо маселелери да талкууланды.

Жолугушуунун аягында тараптар өз ара тыгыз кызматташууну улантуу боюнча макулдашууга келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK