2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахмановдун Бурса шаарына жумуш сапары болду

3367

2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахмановдун Бурса шаарына жумуш сапары болуп, анын жүрүшүндө Бурса облусунун Губернатору Якуб Жанболат мырза жана Бурса шаарынын Мэринин милдетин аткаруучу Сулейман Челик мырза менен жолугушуулар болуп өттү.

Аталган жолугушууларда тараптар эки өлкө арасы достук жана жылуу мамилелерди баса белгилеп, коронавирус пандемия убагында чектөөлөргө кош келген Кыргызстан жана Түркия ортосундагы соода - экономикалык жана маданий – гуманитардык кызматташтыкты динамикалык түрдө өнүктүрүүгө ниеттерин билдиришти.

Ошону менен бирге, 2018 - жылда Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын Кыргызстанга болгон иш сапарынын натыйжасында жетишилген эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. 

Андан тышкары, түрк тарабы 2020-жылы коронавирус пандемиясы айынан өтпөй калган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыны ушул жылы Бурса провинциясына караштуу Изник шаарында өткөрүүгө даярдык көрүп жаткандыгын билдирди.

Жолугушуулар жылуу жана достук маанайда болуп өттү. 

 

  • 2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахмановдун Бурса шаарына жумуш сапары болду
  • 2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахмановдун Бурса шаарына жумуш сапары болду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK