Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен сүйлɵшүүлɵрү болуп ɵттү

3157

2021-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келген Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен сүйлɵшүүлɵрү болуп ɵттү.

Эки ɵлкɵнүн тышкы иштер министрлери Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык пландаштыруу биргелешкен тобунун 4-жыйынын ɵткɵрүштү, анын алкагында кыргыз-түрк күн тартибинин актуалдуу маселерин, COVID-19 пандемиясынын шарттарындагы ɵз ара аракеттенүүнү, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү учурдагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ 2021-жылы пландаштырылып жаткан мамлекет башчыларынын деӊгээлиндеги Стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеӊешинин 5-жыйынынын жана Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк ɵкмɵттɵр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын маселелерине  ɵзгɵчɵ кɵӊүл бурулду.

Мындан тышкары, Түрк кеӊешинин (Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊеши/ТТМКК) алкагындагы Кыргызстан менен Туркиянын учурдагы кызматташтыгы жана ɵз ара аракеттенүүсүн бекемдɵɵ боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар кыргыз-түрк мамилелеринин жогорку деӊгээлин канааттануу менен белгилешти, ошондой эле  эки жана кɵп тараптуу форматтарында ɵз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгɵ умтулууларын ырасташты.

Сүйлɵшүүлɵрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын тышкы иштер министрлери 2021-2022-жылдарына карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасына кол коюшту жана Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын катышуусунда  кыргыз жана түрк ЖМКлары үчүн биргелешкен пресс-конференция ɵткɵрүлдү.

Расмий иш-сапардын алкагында Түркия Республикасынын тышкы иштер министри М.Чавушоглу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.Марипов тарабынан да кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK