Кыргыз Республикасынын Стамбул ш. Башкы консулу Н.Абдрахмановдун Стамбул провинциясынын Губернаторунун эл-аралык мамилелер боюнча орун басары Өзлем Бозкурт айым жана коопсуздук маселелер боюнча орун басары Мехмет Али Өзийгит мырза менен жолугушуусу боюнча

3340

2021-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Стамбул ш. Башкы консулу Н.Абдрахманов Стамбул провинциясынын Губернаторунун эл-аралык мамилелер боюнча орун басары Өзлем Бозкурт айым жана коопсуздук маселелер боюнча орун басары Мехмет Али Өзийгит мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган жолугушууларда тараптар эки өлкө арасы мамилелерди андан ары өнүктүрөөгө сүйлөшүү жүргүзүп, анын ичинде Түркияда жүргөн КРдин жарандары боюнча жана маданий – гуманитардык кызматташтык багытында пикир алмашышты. Ошондой эле, дем алыш күндөрү Түркияда болгон чектөөлөрдү эске алып, 2021-жылдын 11-апрелинде Референдумда жарандар өз добушуну берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча макулдашуу болду.

Жыйынтыгында, Губернаторлук жана Башконсулдук тыңыз мамиледе болуу боюнча макулдашышты.

 

  • Кыргыз Республикасынын Стамбул ш. Башкы консулу Н.Абдрахмановдун Стамбул провинциясынын Губернаторунун эл-аралык мамилелер боюнча орун басары Өзлем Бозкурт айым жана коопсуздук маселелер боюнча орун басары Мехмет Али Өзийгит мырза менен жолугушуусу боюнча

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK