Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри М.Чавушоглу менен жолугушту

3275

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри М.Чавушоглу менен жолугушту. 

Конструктивдүү пикир алмашуу маанайында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттарын карашты. Эки боордош өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгы жылында, тышкы иштер органдарынын жетекчилери Жогорку Стратегиялык Кызматташтыктын 5-жыйынын өткөрүүнү жана мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген келишимдердин ырааттуу иш жүзүндө аткарылышын канааттануу менен белгилешти.

Р.Казакбаев 2020-жылдын октябрь айынан тарта өлкөлөр ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин баса белгилеп, ошондой эле өнөр жай кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды түзүүнүн, айыл чарба секторунда, ошондой эле текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкер мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык потенциалына жооп берген олуттуу долбоорлорду ишке ашыруу керектигин белгилеп, тараптар биргелешкен соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү үчүн бардык аракеттерди көрүшү керектигин кошумчалады.

Ошол эле учурда, Р.Казакбаев маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, кыргыз тарап IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга көмөктөшүүгө жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги конструктивдүү диалогду белгилеп, түрк тарап Кыргызстан менен тыгыз байланыш түзүүгө, кызматташтыктын бардык тармактарындагы маселелерди илгерилетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Тараптар тышкы саясат, коргонуу жана коопсуздук, экономика, соода, илим жана өнөр жай, транспорт, энергетика, экология жана урбанизм, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, дыйканчылык жана мал чарбачылыгы, билим берүү, маданият, туризм жана спорт сыяктуу багыттар боюнча кызматташууну жана координациялоону тереңдетүү ниетин билдиришти. Бул контекстте тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу механизмдерди максималдуу пайдаланууга макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK