Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова «Садакаташы» кайрымдуулук коомунун жетекчиси К.Оздал менен жолугушуусу

1842

Бүгүн, 2022-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова «Садакаташы» кайрымдуулук коомунун жетекчиси К.Өздал менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар ассоциациянын долбоорлорун Кыргызстанда ишке ашыруу багыттарын талкуулашып, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн пайдасына гуманитардык жардамдарды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Башкы консул Л.Сыдыкова өз кезегинде муктаж болгондорго сапаттуу, өз убагында толук кандуу жардам көрсөтүү зарылдыгына көңүл буруп, Башкы консулдукту жана «Садакаташы» кайрымдуулук коомунун долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.
Мындан тышкары, жолугушууда аталган бирикменин жетекчиси К.Өздал «Үмүт» кайрымдуулук фонду аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 300 миң АКШ долларына кийим-кечек түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүү планын белгиледи. Тараптар бул демилгенин бардык деталдарын алдын ала талкуулап, кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү жана кызматташтыкты бекемдөөгө макулдашышты.

  • Бүгүн, 2022-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова «Садакаташы» кайрымдуулук коомунун жетекчиси К.Оздал менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK