Эл аралык тоолор күнү

4400

Жыл сайын 11-декабрда дүйнөлүк коомчулук Эл аралык тоолор күнүн кеңири белгилейт.
1998-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы (БУУ ГА) 53/24 резолюциясы менен 2020-жылды Эл аралык тоолор жылы деп жарыялаган. Ал эми Эл аралык тоолор күнүн жарыялоо чечими тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн пропагандалоо максатында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2002-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 57/245 резолюциясы менен кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн тышкы саясий ишмердигинде эл аралык аренада тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн илгерилетүүгө өзгөчө маани берет. Эмне үчүн?
БУУнун маалыматына таянсак, тоолор планетабыздын 27% ээлеп, дүйнө калкынын 15% тоолуу райондордо жашайт. Дүйнөлүк биологиялык ар түрдүүлүктүн топтолуу зоналарынын жарымысы тоолордо жайгашкан – бул көптөгөн уникалдуу өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрү үчүн корук. Тоолор күнүмдүк тиричиликте, ошондой эле айыл чарбасында жана өндүрүштө колдонулуучу таза суунун дүйнөлүк камдыгынын 60-80% чейин камсыздоо менен дүйнөнүн суу мунарасы болуп саналат. Планетанын калкынын жарымына чукул бөлүгүнүн бакубаттуулугу тоо кыркаларында камтылган суу, азык-түлүк жана энергетика ресурстарынан көз каранды. Алар тоолуу аймактарда жашаган 1,1 млрд адам үчүн гана жашоо булагы болуп саналбастан, чектеш райондордо жашаган миллиарддаган адамдардын да тиричилигине кыйыр түрдө жагымдуу таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө тоолор популярдуу эс алуу жайына айланып, экотуризмдин өнүгүүсүнө шарт түзүүдө.
Ошону менен бирге, учурда дүйнө жүзүнүн тоолуу аймактары климаттын өзгөрүүсүнө, жердин деградациялоосуну, ашыкча эксплуатациялоого жана табигый кырсыктардын орун алуусуна байланыштуу кооптуу абалга жеткен. Тоолуу аймактардын тургундары башкаларга караганда ачкачылык менен жакырчылыкка көбүрөөк дуушар болушат. Температуранын жогорулоосунун натыйжасында мөңгүлөрдүн эриши өзөндө жашаган калктын коопсуздугуна коркунуч алып келүүдө. Бул райондордун жашоочулары көчүп кетүүгө мажбур болууда. Шаарларга миграциялоо тоо элинин маданиятынын жана агробиологиялык ар түрдүүлүктүн жоголуп кетүүсүн шарттайт. Экономикалык жактан да тоолуу аймактарга бир топ экономикалык жана транспорттук чыгымдар талап кылынат, ошондой эле климатынын жанан географиялык ландшафтынын татаалдыгы да калктын социалдык-экономикалык абалына  жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү прогресске терс таасирин тийгизет.
Дүйнөнүн тоолуу региондорунун туруктуу экономикалык, социалдык, демографиялык жана маданий өнүгүүсүнө жетишүү максатында эл аралык коомчулук биргеликте аракеттенүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу үчүн БУУнун алкагында жана башка эл аралык аянттарда жигердүү иш алып барууда. БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан «Эл аралык тоолор жылы, 2002» (1998-ж.), «Эл аралык тоолор жылына даярдыктын жүрүшү» (2000-ж.), «Эл аралык тоолор күнү» (2002-ж.), «Тоолуу аймактарда туруктуу өнүгүү» (2003-ж.), «Жакыр болгон тоолуу өлкөлөргө социалдык-экономикалык жана экологиялык чөйрөлөрдөгү тоскоолдуктарды жеңүүдө көмөк көрсөтүү» (2004-ж.) резолюциялары, андан кийин эки жылдык «Тоону туруктуу өнүктүрүү» резолюциялардын сериясы кабыл алынган. 2019-жылдын 19-декабрында БУУнун Генералдык Ассамблеясынын пленардык отурумунда Кыргыз Республикасы менен Италия көрсөткөн «Тоону туруктуу өнүктүрүү» резолюциясы кабыл алынган. БУУга мүчө болгон 80 мамлекет бул резолюциянын коспонсорлору болшту.
2002-жылы Бишкек Глобалдык Тоо Саммити өткөрүлгөндүгүн өзгөчө белгилей кетүү зарыл, анда тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү жана аларды өнүктүрүү жолдору талкууланып, тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүү маселелери жаатында кызматташуусунун негизин түзгөн жыйынтыктоочу документ болгон Бишкек тоо платформасы кабыл алынган. Тоолуу аймактардын көйгөйлөрү БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча «РИО+20» эл аралык конференциясынын күн тартибине киргизилип, анда тоолуу аймактардын экосистемалуу кызматтарынын маанилүүлүгү жана жаратылыш ресурстарын башкарууда тоо коомчулугунун ролу таанылат.
2019-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобу түзүлүп, бүгүнкү күндө анын курамына 25 мамлекет кирет: Кыргызстан, Афганстан, Австрия, Азербайжан, Албания, Армения, Андорра, Боливия, Бангладеш, Бутан, Греция, Грузия, Италия, Ирландия, Ливан, Лихтенштейн, Канада, Марокко, Непал, Норвегия, Руанда, Румыния, Швейцария, Тажикстан жана Түркия. Топтун негизги максаты болуп Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда жана тоолуу экосистемаларды сактоого жана коргоого байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө тоолуу өлкөлөргө жардам көрсөтүү маселелери боюнча кызматташуу жана диалогду өнүктүрүүгө көмөктөшүү саналат.
2020-жылдын Эл аралык тоо күнүнүн негизги темасы – бул биологиялык ар түрдүүлүк. Дипломатиялык экология жана тоо проблематикасы жаатында жигердүү ишмердигин улантуу менен Кыргыз Республикасы 2020-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 75-сессиясынын кароосуна «Жаратылышта чекти билбейт: Чек аралар аралык кызматташуу – биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу жана аны туруктуу пайдалануудагы негизги фактор» резолюциясынын долбоорун киргизди. Резолюция дүйнө өлкөлөрүнүн келечек муундарын таза, жашыл, коопсуз айлана чөйрө менен камсыздоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, тоо экосистемалары менен үзгүлтүксүз байланышта болгон флора менен фаунанын сейрек кездешүүчү түрлөрүн коргоо жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жана биргеликте чараларды көрүүгө багытталган. Көрсөтүлгөн резолюцияны кабыл алуу 2021-жылга пландаштырылган.
Жыл сайын Эл аралык тоо күнүн белгилөө менен дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлде тоону туруктуу өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө чакырышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK