Кыргыз Республикасынын Новосибирск ш. Башкы консулдугунун Пресс-релизи, 2021-жыл 17-август

2872

2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиевдин Россия илимдер академиясынын Сибирь федералдык агробиотехнология илимий борборунун директору (РИА СФАИБ) Кирилл Голохвастов менен жолугушуусу болду.

         РИА СФАИБнин директору айыл чарба илим жаатында 11 федералдык илимий-изилдөө институттарын камтыган илимий борбордун тарыхы жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө айтып берди.

         Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба илим жана билим берүү тармагында кыргыз-сибирь кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти. РИА СФАИБнин жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштуруу боюнча макулдашылды. Анын алкагында төмөнкү перспективдүү багыттар боюнча кызматташтык талкууланары сүйлөшүлдү: биргелешкен илимий-изилдөө иш-чараларын өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана кыргыз адистерин окутуу, Кыргызстандын аймагында өзгөчө-коркунучтуу ооруларды изилдөө боюнча заманбап ветеринардык лабораторияны түзүүгө жардам берүү, биожер иштетүү, жаныбарлар үчүн биотоют, тоо дары өсүмдүктөрүн кайра иштетүү. Ошондой эле К.Голохвастов Сибирь региондорунун мисалында агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча борбордун илимий тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенине ишендерди.

  • Россия илимдер академиясынын Сибирь федералдык 
агробиотехнология илимий борбору менен кызматташуу жөнүндө
  • Россия илимдер академиясынын Сибирь федералдык 
агробиотехнология илимий борбору менен кызматташуу жөнүндө
  • Россия илимдер академиясынын Сибирь федералдык 
агробиотехнология илимий борбору менен кызматташуу жөнүндө

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK