Пресс-релиз Генерального консульства Кыргызской Республики в г. Новосибирске от 30.09.2022 г.

1627

2022-жылдын 30-сентябрында Омск шаарында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиевдин катышуусунда Омск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун кеңсесинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын жараны, кыргыз диаспорасынын активисти, Омск облусундагы кыргызстандык ишкерлердин лидери Исабек уулу Нурсултан ардактуу консул болуп дайындалды.

Ачылыш аземине Омск облусунун өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Заев Антон Александрович, Омск шаарынын мэри Шелест Сергей Николаевич, Казакстан Республикасынын Омск шаарындагы башкы консулу Кожамбердиев Керим Куандыкович, Омск облусунун Экономика министрлигинин аймактар аралык жана Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысы Баженов Алексей Анатольевич жана башка жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Маматалиев Калдарали Капарович өз сөзүндө Омск шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун кеңсесинин ачылышы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүп, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүү жана кеңсенин түзүлүшү Кыргыз Республикасы менен Омск шаарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, илим-билим берүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Ардактуу консул Исабек уулу Нурсултан өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен Омск облусунун ортосундагы экономикалык, маданий, билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтөөрүн белгилеп, Омск облусунда эмгектенип жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоодо консулдук жардам ала алышат деп ишендирди.

Маалымат үчүн: учурда Россия Федерациясынын Омск облусунда 10 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жарандары ар кандай тармактарында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт.

  • 2022-жылдын 30-сентябрында Омск шаарында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиевдин катышуусунда Омск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун кеңсесинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын жараны, кыргыз диаспорасынын активисти, Омск облусундагы кыргызстандык ишкерлердин лидери Исабек уулу Нурсултан ардактуу консул болуп дайындалды.
  • 2022-жылдын 30-сентябрында Омск шаарында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиевдин катышуусунда Омск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун кеңсесинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын жараны, кыргыз диаспорасынын активисти, Омск облусундагы кыргызстандык ишкерлердин лидери Исабек уулу Нурсултан ардактуу консул болуп дайындалды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK