Новосибирск шаарынын мамлекеттик китепканасында Кыргыз Республикасынын адабий стенди ачылды

291

2023-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков, Новосибирск шаарындагы Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасынын (РИА СБ МКИТК) негизделишинин 105-жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чараларга катышты.

Китепкананын мааракесин алкагында, 2023-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен РИА СБ МКИТК Кыргыз Республикасынын туруктуу иштөөчү адабий стендинин салтанатуу түрдө ачылды. Стенде кыргыз маданиятына, тарыхына жана адабиятына арналган кыргыз жана орус тилиндеги адабий чыгармалар көрсөтүлгөн. Стендин башкы экспозициясында 3-томдук «Манас» кыргыз эпосу менен кыргыздын чыгаан жазуучусу Ч.Айматовдун чыгармалары орун алды. Белгилей кетсек, кыргыз адабий стенди РИА СБ МКИТК алдында туруктуу иштейт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32-жылдыгынын урматына РИА СБ МКИТН 4-кабатынын холунда Кыргыз Республикасынын табигый кооз жерлерине, маданиятына жана салтарына арналган 2023-жылдын соңуна чейин иштеген сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков өзүнүн сөзүндө, достук, бир туугандык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракттенүүнү кеңейтүү максатында, Кыргызстан менен Новосибирск облусунун ортосундагы библиотекалар, илимий жана билим берүү мекемелер ортосундагы илимий кызматташууну  активдештирүү маанилүү экенин белгиледи. Стендин ачылышы Сибир окурмандарын кыргыз жазуучуларынын чыгармалары жана маданий байлыгы менен тааныштырууга багыталганы жана Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулудугу менен РИА СБ МКИТН ортосундагы биргелешкен иш-чаралардын сериясындагы биринчи кадам экенин белгиленилди. Келечекте РИА СБ МКИТН туруктуу иштөөчү кыргыз бурчун түзүү болжолдонууда, кыргыз бурчунда эки өлкөнүн тилдериндеги адабияттар көрсөтүлөт, ал эми бурч маданий, илимий жана билим берүү иш-чаралардын борбору болот.

  • 2023-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков, Новосибирск шаарындагы Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасынын (РИА СБ МКИТК) негизделишинин 105-жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чараларга катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK