2019-жылдын 4-майында Тегеранда Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги кезектеги саясий кеңеш отуруму болуп өттү

5317

Кыргызстандын делегациясын  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары  Нуран Ниязалиев, ал эми иран тарапты  Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин  орун басары Аббас Аракчи жетектеди.

Саясий кеӊеш жүргүзүү учурунда тараптар бир катар маселелерди, анын ичинен - Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташуунун азыркы абалы, эки тараптуу жана көп тармактуу кызматташуунун келечеги, ошондой эле, эл аралык маселелерди жана аймактык коопсуздук маселелерди талкуулашты.

Тараптар мындан ары Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки жактуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде парламенттер аралык байланышты бекемдөө, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу соода-экономика, инвестиция, транспорт жана маданий-гуманитардык  багытындагы кызматташуу байланыштарын  мындан ары дагы  күчөтүүнү белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK