Маалыматтык билдирүү!

5643

     Урматтуу жарандар!

     Кыргыз Республикасынын Иран  Ислам Республикасындагы Элчилиги чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарына 2020 –жылдын 22-мартынан баштап, Кыргызстанда жугуштуу COVID-19 коронавирус инфекциясына байланыштуу 1 айлык мөөнөткө убактылуу өзгөчө кырдаал киргизилгенин кабарлайт.
  Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришине жол бербөө үчүн көрүлүп жаткан чараларды эске алып, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандыктарды Кыргызстанга кайтып келүү сапарларын алдын ала пландаштыруусун жана өлкөгө келүү зарылдыгы болбосо убактылуу жашап жаткан жеринде калуусун өтүнөт.
     Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү кыргыз жарандары менен кызматташуу жана жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыкчам штабы бар экенин эске салат. Ушунун менен бирге Министрлик Республикалык штабтын чечими менен Кыргызстандын аймагында чартердик жана жүк ташуучу аба каттамдарына уруксат берилгенин белгилейт.
     2020-жылдын 20-мартында саат 00:00дөн баштап Кыргызстандан же Кыргызстанга уча турган бардык эл аралык үзгүлтүксүз аба каттамдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен чектөөлөр киргизилди. Бул чектөө расмий түрдө токтотулганга чейин улана бермекчи. Жүк ташуучу учактарга, коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылтпоо боюнча Республикалык штабтын чечими менен чартердик аба каттамдарга  чектөөлөр киргизилген жок.

Байланыш телефондор;

КР ТИМ   Консулдук бөлүм: (+996 312) 663 405, 660 811 (кошумча 108, 109, 119, 129). Шашылыш телефону: +996 551 312 000.

КР ИИР Элчилиги - Консулдук бөлүм: :  +98 21 228 303 54;
Шашылыш телефону;     +98 933 1792782,  
Почта: kremtehran@gmail.com 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK