Кыргыз Республикасынын Тегеран шаарындагы Элчилигинин 2021 – жылдын 26 – январындагы Пресс - Релизи
Кыргызстандын транспорттук компанияларынын өтүнүчү боюнча, Ирандын аймагы аркылуу транзиттик жүк ташууга көмөктөшүү максатында 2021-жылдын 11- январында жана 25 - январында Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Авазбек Абдуразаков Ирандын транспорт министрлигинин деңиз порттору боюнча орун басары Мохаммад РАСТАД жана ошондой эле Ирандын транспорт министрлигинин авто унаа транспорту боюнча орун басары Абдолхашем ХАСАН - НИА мырзалар менен жоолугушуларды өткөрдү.
Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында, достук мамиледеги ушул өлкөнүн аймагында кыргызстандын жүк ташуучуларына жардам көрсөтүү боюнча Иран тарап менен макулдашууларга жетишилди.