КРнын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев, ТРнын Тышкы иштер министри С.Мухриддин жана БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер жана тынчтык орнотуу боюнча орун басары Р.Дикарло кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алышты

1039

2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев, Тажикстандын Тышкы иштер министри С.Мухриддин жана БУУнун Башкы катчысынын саясий жана тынчтык орнотуу иштери боюнча орун басары Р. Дикарло жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашып, маселени мындан ары тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Мындан тышкары, тараптар 2022-жылдын 19-сентябрындагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча кол коюлган Протоколдун алкагындагы макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK