Генассамблея ООН объявила итоговый документ, инициированного Кыргызстаном Совещания высокого уровня по устойчивому горному развитию, своим официальным документом
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын 19-сентябрында Нью-Йоркто тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү.
Бул иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргызстандын сунушу менен жарыяланган учурдагы тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын эң маанилүү окуяларынын бири болуп калды.
Жыйындын жыйынтыгында Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобуна кирген мамлекеттер билдирүү кабыл алышты. Кыргызстандын өтүнүчү боюнча БУУнун Башкы ассамблеясы тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Жогорку деңгээлдеги жыйындын жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады.