Кыргыз Республикасынын Ирана Ислам Республикасындагы Элчилигинин Пресс-релизи Тегеран шаары, 2020-жылдын 30-июлу

4790

     Кыргызстанда 30-июль күнү короновирустун курмандыгы болгон мекендештерибиз үчүн  менен “Улуттук аза күтүү Күнү” деп жарыяланды.
    Бул күнү, Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин жамааты жалпы эле Кыргызстан эли менен  каза тапкан мекендештерибизге аза күтүү менен жакындарын жоготкон Кыргызстандыктарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана алардын азасын тең бөлүшөбүз. 
   Бүгүн, аза күтүү жана жоктоо күнүндө, Кыргыз Республикасынын Тегерандагы Элчилиги,  Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен бирдикте, Элчиликтеги Улуттук желекти түшүрүп, ага аза күтүү кара тасмасы илинди.
Баардык  Кыргызстандыктарга чың ден-соолук, күч-кубат, сабырдуулук  жана мамлекетибиздин  жаркын келечегине  жакшылык каалайбыз.


Кыргыз Республикасынын
Тегеран шаарындагы Элчилигинин жамааты


 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK