Кытай Эл Республикасынын аймагында (Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчлиги) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу тууралуу маалымат

4267

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги тарабынан 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонуу уюштуруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында сиздерге төмөнкүлөрдү билдиребиз:

 

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде консулдук каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандары кирет. Кыргыз Республикасынын келе жаткан парламенттик шайлоосуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык каттоодон өтүшү керек.

1.1 Мурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык маалыматтарын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине тапшыра алышат.

1.2 Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке жеке жана дистанттык түрдө каттала алышат.

 

Эгер жаран консулдук реестрге катталуу үчүн жеке түрдө кайрылса, сүрөтүн жана Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту менен каттоо карточкасын берүү зарыл.

Консулдук каттоого жаран дистанттык түрдө кайрылса, Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган документтердин тизмесин сканерленген түрүндө (түстүү сүрөт электрондук түрдө берилет) Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин электрондук дарегине жөнөтө алышат: kgembassy.cn@mfa.gov.kg

 

2.Консулдук каттоодон өткөн жана 2020-жылдын 8-июлуна чейин биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.

 

3.Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын 15-июлунан тартып (добуш берүү күнүнө 80 календарлык күн калганда) шайлоочулардын жаңыланган алдын ала тизмеси менен www.tizme.gov.kg веб-сайтында, ошондой эле, 2020-жылдын 25-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде таанышууга болот.

4.Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, участоктук шайлоо комиссиясына участогуна №2-форма боюнча арыз берүү менен, жашаган жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүү жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

 

Кыргыз Республикасынын жарандары тийешелүү үлгүдөгү арыздарды 2020-жылдын 19-сентябрына чейин (добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен) берүүгө укуктуу.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK