Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялоо жөнүндө 28-ноябрь 2021-жыл
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,
Ушуну менен 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округу боюнча Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги - УШК №9040 шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялайбыз.
Шайлоочулардын биротоло тизмесин БУЛ жерден көрө аласыздар.
Ошону менен бирге, 2021-жылдын 28-ноябрында (жекшемби) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышынын депутаттарын шайлоосу болорун эскертебиз.
Добуш берүү үчүн 2021-жылдын 28-ноябрында (жекшемби) Элчиликке келип, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (загранпаспорт), кызматтык же дипломатиялык паспорту жаныңыздарда болуусу зарыл.
Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Эличилигинин дареги:
г.Пекин, район Чаоян, ул. Сяоюньлу 18, компаунд Цзинжунь Шуэйшан Хуаюань Бешу, H10/11;
H-10/11, King`s Garden Villa, No.18, Xiaoyun Road, Chaoyang District, Beijing;
北京市朝阳区霄云路18号,京润水上花园别墅H区10/11号
Маалымат алуу үчүн телефон: 010-64681348