«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Референдумуна (Бүткүл элдик добуш берүүгө) катышуу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмеси

3668

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Референдумга (Бүткүл элдик добуш берүүгө) катышуу үчүн 2021-жылдын 27-мартына чейин УШК №9040 – КРнын КЭРдеги Элчилигинин тизмесине кирүүсү зарыл.

Ушул үчүн Элчиликтин консулдук каттосуна кирип, биометрикалык маалыматтарды тапшыруусу керек (тапшырбаган учурда).

Биометрикалык маалыматты тапшырбаган учурда жарандар алдыда боло турган референдумга катыша албайт.

Өзүңүздөрдүн Аты жөнүңүздөрдү tizme.gov.kg сайтында текшерсе болот. Эгерде tizme.gov.kg сайтындагы тизмелерде өзүңүздөрдү таппасаңар Элчиликке кайрылууну суранабыз жана консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарды тапшыруусу керек (тапшырбаган учурда).

 

Референдум 2021-жылдын 11-апрелинде КРнын КЭРдеги Элчилигинин имаратында өткөрүлөт.

Добуш берүү үчүн Элчиликке келип, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (загранпаспорт), кызматтык же дипломатиялык паспорту жаныңыздарда болуусу зарыл.

 

Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Эличилигинин дареги:

Пекин ш., Чаоян району, Сяоюньлу көч. №18, Цзиньжунь Шуэйшан Хуаюань Бешу компаунду, H10/11;

H-10/11, Kings Garden Villas, No.18, Xiaoyun Road, Chaoyang District, Beijing;

北京朝阳区霄云路18号,京润水上花园别墅H区10/11号

 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Референдумуна (Бүткүл элдик добуш берүүгө) катышуу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмеси БУЛ ЖЕРДЕ.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK