2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү жана шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялоо жөнүндө

2678

Урматтуу мекендештер!

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүү), ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат деп белгиленген.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан алдыда өтө турган Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында чет өлкөдө 57 шайлоо участкалары түзүлдү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.

Кандайдыр бир ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин (кошо алганда) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесинде өз маалыматын текшерүү жөнүңдө арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз, мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтүшү зарыл.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жашаган же жүргөн жарандар 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин (кошо алганда) тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө жеке өзү арыз берип (биометрикалык идентификациядан өтүп), добуш берүү күнү жүргөн өз шайлоо дарегин өзгөртүүгө укуктуу.

 

 

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

 

Кытай Эл Республикасында - Элчиликтин консулдук округунда турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн Элчиликтин консулдук округунда, КЭРдеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинде №9040 шайлоо участкасы бекитилген.

Ушуну менен бирге, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 2021-жылдын 12-ноябрына чейин КЭРдеги Кыргыз Республикасынын Элчилиги - №9040-шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине кирүүсү зарыл.

Ушуну үчүн Элчиликтин консулдук каттосуна туруп, биометрикалык маалыматтарды тапшыруусу зарыл (тапшырбаган учурда).

Биометрикалык маалыматты тапшырбаган учурда жарандар алдыда боло турган шайлоого катыша албайт.

Өзүңүздөрдү шайлоочулардын БУЛ ЖЕРДЕГИ алдын ала тизмеден же tizme.gov.kg сайтынан тактай аласыз. Эгерде Сиз өзүңүздү бул тизмеден таба албасаңыз же каталар же так эместиктер болсо, Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилигине кайрылыңыз.

Бул учурда инсандыгын тастыктоочу төмөнкү документтердин бирин көрсөтүү зарыл: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет элдик паспорт), кызматтык же дипломаттык паспорт.

Каттоо үчүн консулдук жыйымдар алынбайт.

 

Маалымат үчүн телефон: 010-64681348.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK