Кытайдын Коомдук илимдер академиясында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган тегерек стол өттү

1605

Ушул жылдын 20-апрелинде Кытайдын Коомдук илимдер академиясында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган тегерек стол  өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи  К.Бактыгулова, Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун Директору Сун Чжуанчжи, Элчиликтин дипломаттары жана эл аралык мамилелер боюнча эксперттер катышты. Катышуучулар кыргыз-кытай эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошону менен бирге катышуучулар эл аралык күн тартибиндеги айрым маселелер боюнча пикир алмашышты.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында байланыштарды улантуу чечими кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK