Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Канайым Бактыгулова Кытайдын элдик университетинде лекция окуду

2495

Бүгүн, 2022-жылдын 6-июнунда, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Канайым Бактыгулова Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында видеоконференция аркылуу Кытайдын элдик университетинде лекция окуду.

Элчи К.Бактыгулова Кыргызстанда өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар жана трансформациялар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле угуучуларга эки тараптуу кызматташуунун негизги учурлары жана дипломатиялык мамилелерди орнотуу жылдарындагы биргелешкен жетишкендиктер тууралуу маалымат берилди.

Иш-чарага КУУнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун проректору Ду Пэн, КУУнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун деканынын орун басары Лу Жзе, профессордук-окутуучулук курамы жана 80ден ашык студенттер катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK