Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту

1792

2022-жылдын 7-июнунда Нур-Султан шаарында «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин 3-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул сүйлөшүүлөрдө министрлер кыргыз-кытай мамилелеринин бир топ маселелерин талкуулашты. Тараптар саясий кызматташуунун, Борбордук Азиядагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлинде жүрүп жатканын белгилешти.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө маани берди.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрлер ошондой эле Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана КЭР өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын ирригациялык системасын жакшыртуу долбоорлорун жылдыруу маселесин талкуулашты.

Тараптар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардагы соода жана жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү боюнча күч-аракеттерди жумшоого макулдашты.

Кытай тарап Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана жарандардын өз ара катташууларына коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселелерин карашты.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү. Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Ини Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

 

www.mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK