КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Булуңундагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин (БАМКК) Башкы катчысы доктор Наиф Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту

1036

2022-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Булуңундагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин (БАМКК) Башкы катчысы доктор Наиф Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушуп, өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин жана эл аралык, аймактык күн тартибинин эң маанилүү маселелерин талкуулады.

Тараптар маалымат алмашуу жана актуалдуу маселелерди чечүү максатында үзгүлтүксүз саясий кеңешмелерди өткөрүү жана аймактар аралык диалогду түзүү аркылуу КРнын ТИМи менен БАМККнын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Министр Ж.Кулубаев кыргыз тараптын БАМККга мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Тараптар ошондой эле жолугушууда талкууланган маселелерди, анын ичинде өз ара сапарларды уюштурууну илгерилетүү боюнча иштерди улантууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: Булуңундагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши 1981-жылдын 25-майында түзүлгөн жана алты мамлекетти бириктирип турат - САП, БАЭ, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK