КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин Премьер-министри жана Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары Мураскер Ханзаада Улуу Даражалуу Салман бин Хамад Аль Халифанын кабыл алуусунда болду

865

2022-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Манама шаарында Бахрейн Падышалыгынын Премьер-министри жана Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары Мураскер Ханзаада Улуу Даражалуу Салман бин Хамад Аль Халифанын кабыл алуусунда болду.

Мураскер Ханзаада Кыргызстандын Тышкы саясат мекемесинин башчысынын эки тараптуу мамилелердин тарыхында Бахрейнге болгон алгачкы расмий сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп, анын ортодогу эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жагымдуу өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Министр Ж.Кулубаев Бахрейн Падышасына даректелген атайын кайрылууну тапшырып, Кыргызстан Бахрейн Падышалыгы менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин жана аны менен өз ара кызматташтыктын бардык багыттары боюнча активдүү саясий диалог жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди. 

Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин башчысы Бахрейндин Мураскер Ханзаадасы С.Аль-Халифага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат жана өлкөнүн улуттук экономикасын өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Ошону менен катар Бахрейн жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режими колдонулары белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибинин маанилүү маселелери, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу, гуманитардык кризис боюнча пикир алмашышып, Украинадагы жана Афганистандагы кырдаалды талкуулашты.

Тараптар кыргыз-бахрейн мамилелерин активдештирүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу боюнча, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу жолу менен биргелешкен чараларды көрүүнү макулдашышты.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда болуп өттү. Министр Ж.Кулубаев Улуу Даражалууга убакыт бөлүп бергени үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу мамлекет башчыга маалымат берээрин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK