Заместитель министра иностранных дел КР А.Молдогазиев провел встречу с Постоянным координатором системы ООН в КР Антье Граве

813

2022-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары маектешинин назарына учурдагы кырдаал боюнча, анын ичинде Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында Кыргызстандын аймагындагы курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен БУУнун өлкөлүк командасынын өз ара аракеттенүүсү үчүн түзүлгөн Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык тобунун (ӨККК) активдештирилгендигин билдирди. Бул топ жапа чеккен калкка түздөн-түз гуманитардык жардам көрсөтүү менен алектенет. Ал ошондой эле Уюмдун өлкөлүк командасы тарабынан карапайым калктын азап-кайгысын жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттери тууралуу маалымдады. Антье Граве азык-түлүк жана керектүү буюмдарды жеткирүү башталганын жарыялады. Ал ошондой эле Кыргызстандын эвакуацияланган жарандарынын негизги муктаждыктарын аныктоо үчүн БУУнун баалоо комиссиясы келерин белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары ӨККК ишке киргизилгендиги жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун кеңсеси тарабынан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралары үчүн ыраазычылык билдирди.

Антье Граве Баткен облусунун жапа чеккен аймактарында жашоону нормалдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен мындан ары да кызматташууга даяр экендигин белгиледи. Жолугушуудан кийин БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору көңүл айтуу китебине жазуу калтырды (2022-жылдын 19-сентябры Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK