2023-жылдын 3-мартында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаеванын машина куруу жана электрондук продукцияларды импорттоо жана экспорттоо боюнча Кытай Соода Палатасынын Төрагасы Чжан Юцзинь менен жолугушуусу болуп өттү

129

2023-жылдын 3-мартында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаеванын машина куруу жана электрондук продукцияларды импорттоо жана экспорттоо боюнча Кытай Соода Палатасынын Төрагасы Чжан Юцзинь менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык тармактагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи А.Мусаева маектешине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясат жөнүндө маалымдап, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө белгилеп, Кытай жана Кыргызстан ишканаларынын ортосундагы инвестициялык кызматташуу, тигүү жабдууларын жана айыл чарба техникаларын Кыргызстанга лизингге берүү боюнча механизмдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK