Сиань шаарында Борбор Азия өлкө лидерлеринин КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду

204

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарларына арналган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен учурашуу аземи Тан династиясынын лотос багында өтүп, жогорку даражалуу конокторду КЭР Төрагасы Си Цзиньпин жубайы менен тосуп алды.

Салтанаттуу азем Тан династиясынын доорундагы стилде өттү. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн "лотос бийи" түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулду.

Учурашуу аземинен жана чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Си Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

 Андан соң КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK