Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Мусаева Кытайдын маданият жана туризм Министри Ху Хэпин менен жолугушту
Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Актилек Мусаеванын Кытайдын маданият жана туризм Министри Ху Хэпин менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Кыргызстан менен Кытайдын маданий борборлорун ачуу, ошондой эле туризм, маданий алмашуу жаатындагы өз ара аракеттешүү жана искусство, кино ж. б. тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Тараптар маданий байланыштарды бекемдөө боюнча ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландарды белгилешти.