8-15 декабрда Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган бир катар иш-чараларды өткөрдү.

7418

Ч. Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөө алкагында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги  бир жума ичинде, 8-декабрдан 15-декабрга чейин КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын жана жазуучунун уулу – Эльдар Айтматовдун катышуусу менен бир катар масштабдуу иш-чараларды уюштурду. Жазуучунун юбилеи Кыргыз киносунун Кытайдагы күндөрү, эл аралык илимий конференция, фото- жана китеп көргөзмөлөрү, Айтматовдун кытай тилинде чыккан жаңы 7 китептин бет-ачары, театралдык коюу, концерттик программа жана ШКУ менен биргелешкен иш чараны өткөзүү менен белгиленди.

Кыргыз киносунун Кытайдагы күндөрү алкагында Пекин шаарында 13-декабрдан 15-декабрга чейин кыргыз жана советтик кинематографиясынын шедеврлерине айланган «Ак кеме», «Саманчынын жолу» жана «Биринчи мугалим» тасмалары көргөзүлдү. Ич-чаранын ачылыш аземине 500гө жакын адам, анын ичинде КЭР мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Пекинде окуп жаткан Кыргызстандык студенттер, этникалык кыргыздар, Кыргызстандын жана Кытайдын билим берүү жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

2018-жылдын 14-15 декабрында Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган «Чынгыз Айтматов дүйнөлүк маданият контекстинде» аттуу Эл аралык илимий конференциясы өттү. Бул конференцияга Тяньзинден, Нанкайдан, Нанкинден, Сучжоудон, Даляндан, Шанхайдан, Гуанчжоудон, Сычуандан, СУАРдан жана Кытайдын башка аймактарынан, андан тышкары Кыргызстандан жана Орусиядан келген 100дөн ашык профессорлор жана айтматов боюнча иштеген окумуштуулар катышышты.

Эл аралык конференциянын ачылышы КЭРнын маданият жана туризм министрлигинин, дипломатикалык корпустун жана Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлчүлүктөрүнүн катышуусу менен ачылды.  Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, экс-Элчи Азамат Усенов жана Кытай эл университетинин ректору Лю Вэй Конференциянын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөштү.

Конференциянын иши «Ч.Айтматовдун чыгармалары», «Ч.Айтматов жана Кытай» жана «Ч.Айтматов  дүйнөлүк маданиятта» аттуу үч тараптуу секциядан турду, бул секциялардын ичинде илимий окумуштуулар жазуучунун чыгармачылыгы, анын ички мурасы, чыгармалардагы гуммандуулук баркы жана адеп-ахлак багыттары боюнча докладдары менен чыгып сүйлөштү.

Мындан тышкары конференциянын катышуучуларына «Жамиля» аттуу спектаклы коюулган, спектаклдын продюссери белгилүү журналист жана коомдук ишмер Ассоль Молдакматова болуп эсептелет. Спектаклды Кыргызстандын маданият ишкерлери коюшту: Акылбек кызы Айнура, Сабыржан уулу Санжар, Нуржаасын Джумагулов, Талант Апыев, жана Кыргыз Республикасынын атактуу артисти Назира Мамбетова.

14-декабрда «Чынгыз Айтматов – кыргыз элинин атактуу уулу, дүйнөлүк адабияттын классиги, маданият аралык диалогдун жана толеранттулууктун символу» аттуу  Элчилик тарабынан ШКУ Катчылыгы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулган Салтанаттуу кече өттү.

Иш-чаранын ачылышында экс-Президент Роза Отунбаева, экс-Элчи Азамат Усенов, ШКУ Башкы катчысы Рашид Алимов, Эл аралык достук байланыштары боюнча Кытай Ассоциациясынын төрагасынын орун басары Синь Цзи чыгып сүйлөштү. Салтанаттуу кечеге  Кытайдын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде КЭР Тышкы иштер Министринин орун басары Чжан Ханьхуэй, дипломаттык миссиялардын башчылары жана өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын, кытай коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн, ошондой эле бизнестин өкүлдөрү катышышты.

Кеченин жүрүшүндө конокторго Ч. Айтматов жөнүндө документалдык тасма көрсөтүлүп, КЭР Улуттук китепканасынын фондундагы жазуучунун кытай тилиндеги жана Кытайда жашаган башка улуттардын тилиндеги 78 китеп көргөзмөсү тартууланды. Кече А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет драма театрынын солисттери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Айбек Саралаев, Бактыбек Ыбыкеев, Асель Айдарова, эл аралык конкурстардын лауреаттары Заира Раимбекова, Юлия Бабич жана Эрмек Мараимов катышкан концерттик программа менен жыйынтыкталды.  Концерттин жүрүшүндө артисттер Ч.Айтматовдун китептери боюнча жазылган  чыгармалардан арияларды жана балеттик номерлерди, ошондой эле классикалык жана элдик музыканын  чыгармаларын аткарышты.

Кеңири аудиторияны Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачалыгы,  ошондой эле дипломатиялык жана коомдук ишмердүүлүгү менен  тааныштыруу үчүн Элчилик тарабынан эки фотокөргөзмө уюштурулду: 8-15-декабрда Кытай эл университеттин китепканасынын башкы залында өзүнчө көргөзмө жана Салтанаттуу кеченин конокторуна атайын көргөзмө тартууланды.

Ушул эле күндөрү Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен жазуучунун мааракесине арналган кытай тилине которулган: «Кыямат», «Чынгызхандын ак булуту», «Кош бол, Гyлсары!», «Кассандра тамгасы», «Жомоктор жана легендалар», «Тоолор кулаганда» жана Ч.Айтматов боюнча «Илимий макалалар» аттуу 7 китептин бет ачар аземи да уюштурулган.  

Бир жума ичинде болуп өткөн иш-чаралар кытай аудиториянын белгилүү жазуучу инсандын жана анын чыгармачылыгына болгон кызыгууну кайрадан жандандырып, Кыргызстан жана Кытай ортосундагы эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташуунун мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө фоторепортаж

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK