Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.М.Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.О.Иманалиев менен жолугушту.

3892

2021 -жылдын 29 -июлунда Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.М.Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.О.Иманалиев менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө маданият жана спорт тармагындагы кыргыз-азербайжан кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Ошону менен бирге Элчи К.М.Осмоналиев Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду менен кызматташууну активдештирүүгө маани берип, бул фонддун ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке киргизүү үчүн каржылык документтерди ратификациялоону тездетүү маселесин эске салды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK