Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары Т.Ш.Масадыков Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.М.Осмоналиевди кабыл алды.

2675

2021 -жылдын 28 -июлунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары Т.Ш.Масадыков Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.М.Осмоналиевди кабыл алды. Жаңы кызматтарга дайындалышы менен өз ара куттуктоолордон кийин, алар аймактык коопсуздук маселелерин камсыз кылуу тутумундагы Кыргызстандын ордун талкуулашты. Т.Ш.Масадыков эл аралык коопсуздук жана тышкы саясат боюнча таанылган жана беделдүү эксперт болгондуктан, Борбор Азиядагы жана Түштүк Кавказдагы көйгөйлөргө, чакырыктарга жана коркунучтарга токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, тараптар эксперттик жана аналитикалык маселелер боюнча байланышты сактоого макул болдук.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK