Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Азербайджанской Республике К.М.Осмоналиев провел онлайн-встречу с Почетным Консулом Кыргызской Республики в Грузии А.Мазиашвили

2798

Кыргыз Республикасынын Грузиядагы консулдук жана дипломатиялык өкүлчүлүгүн бекемдөө максатында 2021 -жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.М.Осмоналиевдин Кыргыз Республикасынын Грузиядагы Ардактуу Консулу А.Мазиашвили менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи К.М.Осмоналиев Ардактуу консулдуктун отчеттук мезгилде аткарган иштери менен таанышты, ошондой эле Консулдукка Грузиянын аймагында жашаган жана ал аркылуу транзит менен жүргөн Кыргыз Республикасын жарандардын жана жүк ташуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо Элчиликке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул контекстте Элчи К.М.Осмоналиев Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ишкердик субъекттеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу боюнча иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги Грузияны бир убакта камтыйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK