Виза маселелери

Чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймактарында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгууга  жарактуу тышкы паспортунун жана Кыргыз Республикасынын визасынын негизинде уруксат берилет.

Визаны тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

  1. Визалык колдоо номерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти (ККД) аркылуу таризделген чакыруу кагазы
  2. Паспорттун көчүрмөсү;
  3. Толтурулган визалык анкета (жүктөп алуу);
  4. 3*4 см өлчөмдөгү 2 түстүү сүрөт;
  5. Консулдук жыйым акысын төлөө.