Элчи А.Исаевдин Индиянын Тышкы иштер министринин орун басары (Secretary West) Викас Сваруп мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

4116

2020-жылдын 3-ноябрында кыргыз тарабынын демилгеси менен КРнын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исаевдин Индиянын Тышкы иштер министринин орун басары (Secretary West) Викас Сваруп мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Исаев Кыргыз Республикасындагы азыркы учурдагы социалдык-саясий кырдаал, болуп өткөн саясий өзгөрүүлөр, жаңы бийликтин легитимизациясы дана өлкөнүн башчылыгынын тынчтык жолу менен алмашуусу тууралуу толук маалыматты берди.

Тышкы иштер министринин орун басары В.Сваруп Индия менен Кыргызстандын ортосундагы бардык жетишилген сүйлөшүүлөр күчүндө калганын жана алардын аткарылуусу Кыргызстандагы президенттик жана парламенттик шайлоолордун өткөрүлүүсүнөн кийин КРнын башчылыгын шайлоо жана бекитүүсүн күтпөстөн, улантылаарын белгиледи.

Дүйнөдөгү эң ири демократиялык өлкө катары, индия тарабы республикадагы демократиялык процесстерге колдоосун жана бийликтин тез легитимизациясы менен канааттануусун билдирилди.

«Индия-Борбор Азия» Диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи отурумунун ишинде катышууга КРнын ТИМнин башкармалыгына Индиянын чакыруусу, чынында, өлкөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн таануу болуп эсептелеери белгиленди.

Ошондой эле, Индия Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрындагы Индиянын төрагалыгы астында ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Ѳкмөт башчыларынын Кеңешинин (премьер-министрлеринин) отурумунда катышуусун күтүүдө.

Жолугушуунун аягында Индиянын ТИМнин Вест Катчысы В.Сваруп Кыргызстанга президенттик жана парламенттик шайлоолорун ийгиликтүү өтүүсүн каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK