Бангладеште кыргыздын салттуу спорттун түрлѳрү популярдуу болууда

1639

Ушул жылдын 23-25-мартында Бангладештин Дакка шаарында Бангладештин Эл аралык Этноспорт Ассоциациясы тарабынан уюштурулган кыргыздын салттуу этникалык спортунун “Тогуз коргоол” жана “Масрестлинг” түрлөрү боюнча мелдештер өттү.

Тогуз коргоол жана масрестлинг боюнча мелдеш тогуз топко бөлүнүп өттү. 23-мартта башталган сынакка жалпысынан Алхаз Мокбул Хоссейн атындагы жергиликтүү колледжден 210 студент катышты.

Сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Элчи А.Исаев бир нече жылдан бери Бангладеште кыргыздын салттуу этникалык спортун жайылтып келе жаткан Бангладеш эл аралык этноспорт ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнө жана президентине жана Бангладеште кыргыздын салттуу оюндарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Элчи Ассоциацияга 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткѳн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Бангладештен келген спортчуларды быйыл Түркияда өтө турган оюндарга катышууга чакырды.

«Кыргызстан Бангладеш менен эки тараптуу, анын ичинде спорт тармагындагы мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берет. Жаштардын руханий өнүгүүсүнүн фактору катары спорттун маанилүү ролун түшүнүү менен биз бул багытта кызматташууну мындан ары да өнүктүрөбүз. Эки өлкөнүн ортосундагы мындай кызматташтык келечекте дагы уланат деп ишенебиз. Ошондой эле Бангладеште өтө турган спорттук иш-чараларга Кыргыз Республикасынан спорттук делегациянын чакыруусун күтѳбүз», - деди А.Исаев.

Турнирдин катышуучулары оюндарга жана спортчулардын дилгирлигине кубанган көптөгөн жергиликтүү көрүүчүлөрдүн колдоосу менен да кызыктуу оюндарды көрсөтүштү.

Элчилик менен Бангладеш этноспорт ассоциациясы Бангладеште кыргыздын этникалык спортун мындан ары да жайылтуу жана келечекте ушундай спорттук иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK