Референдум КР 2021
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум күнүн өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин астында №9008 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыздоо максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.
Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот.
Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.