Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган индия жаштарынын арасында кыргыз тилинде ыр окуу конкурсу өттү

2825

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында 2021-жылдын 23-июлунда КРнын Индиядагы Элчилиги жаш лидердер Конфедерациясынын атынан чыккан индиялык жаштардын арасында кыргыз тилинде ыр окуу конкурсун уюштурду.

Иш-чаранын катышуучулары кыргыз жерине, кыргыз элине болгон сүйүү жана кыргыз табиятынын сулуулугу жөнүндө ырларды окуп, укмуштуудай чыгармачылыгын көрсөтүштү.

Сынактын калыстар тобу Индияда жашаган кыргыз жарандарынан туруп, сынактын катышуучуларынын кыргыз тилинде ыр окуу жөндөмүн жогору баалашты.

Ошондой эле, кыргыз элинин маданияты жана каада-салты менен тааныштыруу максатында конокторго Кыргызстан жана анын туристтик дарамети жөнүндө видео көрсөтүлдү.

Элчи А.Исаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө Элчилик ар дайым Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого салым кошкон жөндөмдүү, демилгелүү жана таланттуу жаштарды колдоого умтулаарын белгиледи.

Сынактын бардык катышуучулары сертификаттар жана эстеликке белектер менен сыйланышты. Элчиликке бул иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришип, абдан кубанышты.

Жолугушуунун аягында иш-чаранын коноктору салттуу тамактардан - боорсок, палоо жана даамдуу токочтордон ооз тийишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK