Индияда өтүп жаткан эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын айыл чарба продукциялары жана кол өнөрчүлүк буюмдары коюлду

1881

2021-жылдын 14-ноябрынан 27-ноябрына чейин Нью-Делиде 40-чы Индия Эл аралык соода көргөзмөсү-2021 (IITF) өтүүдө.

Көргөзмөгө Кыргызстандын Индиядагы Элчилиги Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын, ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кол өнөрчүлүк буюмдарын тартуулады.

Кыргызстандын павильонуна келгендердин арасында бал жана кургатылган жемиштер, кийизден жасалган буюмдар жана жибек жоолуктар өзгөчө суроо-талапка ээ болду.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары менен келе жаткан жылы IITF-2022 көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонун кеңейтүү боюнча келишимдер жетишилди.

Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында көргөзмөнүн расмий ачылыш аземине негизги конок катары Индиянын Соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял катышты.

Өз сөзүндө индиялык министр, 40-Индия Эл аралык соода көргөзмөсү (IIFT) Индиянын экономикасы олуттуу жандануусунун күбөлөндүргөнүн жана бул жолу IIFT 2019-жылы уюштурулган көргөзмөдөн үч эсе чоң экендигин белгиледи.

Бул жылы көргөзмөгө кичи жана орто бизнестин 3000ге жакын өкүлдөрү, ошондой эле тогуз чет мамлекеттен, анын ичинде Кыргыз Республикасынан ишкерлер катышууда. Чет элдик катышуучулар - Афганистан, Бангладеш, Бахрейн, Непал, Шри-Ланка, БАЭ, Тунис жана Түркиядан.

IITF Нью-Делиде Индиянын Сооданы өнүктүрүү боюнча ITPO уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара болуп саналат. Бул B2B жана B2C компоненттерин камтыган ири интеграцияланган соода жарманкеси. Бир катар мамлекеттик уюмдар бул аянтчаны өз программалары жана саясаты тууралуу маалыматты коомчулукка жайылтуу үчүн колдонушат. Бул иш-чарага Индиянын федералдык өкмөтүнүн дээрлик бардык штаттары жана союздук аймактары катышууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK