Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосун өткөрүү

1803

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосун өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин астында №9008 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыздоо максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот.

Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK