Элчи А.Исаевдин Бангладеш Эл Республикасынын Президенти Абдул Хамид мырзага Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү

1483

2022-жылдын 24-мартында Бангладеш Президентинин Дакка шаарындагы “Бангабхабан” расмий резиденциясында Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Исаевдин Бангладеш Эл Республикасынын Президенти Абдул Хамид мырзага Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийинки сүйлөшүүдө мамлекет башчысы Бангладештеги ишмердүүлүгүнүн расмий башталышы менен куттуктоо менен, Бангладеш Борбордук Азиянын региондору менен өзгөчө маданий, тарыхый, цивилизациялык мамилелерге ээ жана Кыргыз Республикасы менен мамилелерди өнүктүрүү үчүн жакшы перспективалар бар экендигин белгиледи.

Элчи А.Исаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун атынан салам айтып, быйыл Кыргыз Республикасы менен Бангладештин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын белгиледи.

Элчи А.Исаев ошондой эле Кыргызстандын Бангладеш менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Эки өлкөнүн спорт жана жаштар жаатындагы өз ара аракети өзгөчө белгиленди.

Сүйлөшүүнүн аягында Президент А.Хамид Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго эң жакшы каалоо-тилектерин айтууну сурануу менен, Элчиге эки өлкөнүн жана элдин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү жана жемиштүү ишин каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK