Элчи А.Исаевдин «Travel Jingles» басылмасынын панелдик талкуулоосуна катышуусу тууралуу
Ушул жылдын 1-июнунда «Travel Jingles» жергиликтүү басылмасынын чакыруусу менен Элчи А.Исаев туризм жана айлана-чөйрөнүн көйгөйлөрүнө арналган панелдик талкуулоосуна катышты.
Талкуунун жүрүшүндө Элчи А.Исаев Кыргызстандагы туризм жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу кененирээк айтып берди.
Иш-чарага Индияда аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү жарандык коом активисттери катышты.